04.09.2019 16:11
Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкулов өзүнө келди
Бүгүн, 4-сентябрда Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкуловду жалпы палатага которушат. Бул туурасында күч түзүмдөрүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Курманкуловдун абалы жакшырды, азырынча сүйлөбөгөн менен, чакырууларга реакция кылууда.
Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында өткөн атайын операция учурунда оор жаракат алган. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Кийин дарылоону улантуу үчүн аны Москвага Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна жеткиришкен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: